06.07.2018 13:22

Сооронбай Жээнбеков казак элин Астана шаарынын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков казак элин Астана шаарынын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков казак элин Астана шаарынын 20 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул видео-кайрылуу  Казакстан президентинин телерадиокомплексинде жарыяланганын басылмалар жазып чыкты. 

«Баарыңыздарды чын жүрөгүмдөн Астананын мааракеси менен куттуктайм. Астана-бизге боордош мамлекеттин саясий жана экономикалык ийгиликтеринин шаары, ал өлкөнүн кубаттуулугунун өсүп жатканын жана анын мындан аркы өнүгүшүнүн жогорку потенциалын көрсөтүп турат», -деп айтылат кайрылууда. 

Өз куттуктоосунда КР президенти казак элине тынчтык, бейкуттук  жана гүлдөп-өнүгүү каалады.